Окутуучулар «Мыкты азыктануу» долбоорунун семинарында

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар «Мыкты азыктануу» долбоорунун семинарында

Image

Ош шаарында “Аялдар менен балдардын тамактануусу жана анемия маселелери, медициналык билимге чейинки билим берүүдөгү балдардын эрте өнүгүүсү” аталышындагы 3 күндүк семинар башталды. Аталган семинарга ОшМУнун дистанциондук билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректор Таасилкан Жумабаева, окуу жайдын медицина факультетинин акушердик жана гинекология,  педиатрия жана үй-бүлөлүк медицина кафедраларынын 21 окутуучу катышып жатат.

Катышуучулар 18-19-20-май күндөрүнө пландаштырылган семинардын жүрүшүндө “Баланын жашоосунун 1000 күнүнүн мааниси”, “Алты айга чейинки балдардын тамактануусу жана эмчек сүтүнүн мааниси”, “Алты айдан бир жашка чейинки балдар үчүн сунушталган тамактануу практикалары”, “Кыргыз Республикасындагы аялдардын жана өспүрүм кыздардын тамактануу абалы”, “Жашоо цикли бою тамактануу”, “Аз кандуулуктун себептери жана аз кандуулукту азайтуу чаралары”, “Балдардын аз кандуулугун алдын-алуу жана дарылоо”, “Репродуктивдүү курактагы аялдардын аз кандуулугун алдын-алуу жана дарылоо”, “Кош бойлуу аялдардын аз кандуулугун алдын-алуу жана дарылоо” деген темалар боюнча билим алышат.

“Биз алты айга чейин бир гана эне сүтү менен гана тамактандырышыбыз керек. Бирок бул көрсөткүч өлкөбүздү 46% түзүп жатат. Көбүнчө энелер эрте кошумча тамактандырып башташат, мигранттардын балдары көбөйүп жатат. Бүгүн бизге бир гана сапаттуу тамактануу жөнүндө гана эмес тамактануу менен балага болгон камкордук сыяктуу өзгөчө актуалдуу темалар берилип жатат. Андан сырткары энелердин аз кандуулугунун себептери эмнеге алып келет. Кемтик оору  балдардын төрөлүшүнүн көбөйүшү эмнеден улам болуп жатат деген темалар семинардын алкагында айтылат. Семинарга катышып жаткан окутуучулар бул билимдерди 3-курстан баштап студенттерге жаңы маалыматтар менен жеткирүүнү колго алабыз”, -деди педиатрия кафедрасынын башчысы Замира Нуруева.  

Семинарлардын демилгечиси жана уюштуруучусу USAIDдин «Мыкты азыктануу» долбоору болуп саналат. «Мыкты aзыктануу» долбоору АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) көп секторлуу тамактануу боюнча флагмандык долбоору, анын негизги максаты репродуктивдүү курактагы (15–49 жаш) аялдардын жана 5 жашка чейинки балдардын, өзгөчө  1000 - күнүмдүк "мүмкүнчүлүк терезесине" көңүл бурулуп, тамактануу абалын жана ден соолугун жакшыртуу болуп саналат.

 

Фото галерея