Андижан мамлекеттик университетинин делегациясы ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

Андижан мамлекеттик университетинин делегациясы ОшМУда

Image

ОшМУга Андижан мамлекеттик университетинин эл аралык кызматташуу департаментинин директору Ильяс Хасанов жетектеген  делегация келди. Делегацияны ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн директору Абдыганы Абдувалиев тосуп алды.

Тараптар студенттерди жана окутуучуларды алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлорду, конференцияларды өткөрүү жана эл аралык рейтингдерде бири-бирин колдоо боюнча пикир алышты.

2016-жылы  өкмөттүк денгээлде Ош мамлекеттик университети менен Андижан мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлган. Учурда эки окуу жай илимий-практикалык, билим берүүчүлүк, маданий багыттагы кызматташып келет.