Венгриянын Жон фон Нейман атындагы университетинен келген делегация ОшМУда болушту

Башкы Жаңылыктар

Венгриянын Жон фон Нейман атындагы университетинен келген делегация ОшМУда болушту

Image

Венгриянын Жон фон Нейман атындагы университетинин алдындагы Евразия изилдөө борборунун директору Хорват Левент баштаган делегация ОшМУда болушту. Ректор Кудайберди Кожобеков менен болгон жолугушууда Жон фон Нейман атындагы университети, анын алдындагы Евразия изилдөө борбору тууралуу пикир алышты. Делегация борбордун алкагында изилдөө иштерин баштагандыгын жана алгачкылардан болуп Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстанга иш-сапарга чыккандыгын белгилешти. Бул иш сапардын алкагында аталган аймактардын маданияты, үрп-адаттары менен таанышып, өлкөлөрдүн алдыңкы жогорку окуу жайларында болууну пландаштыргандыгын билдиришти.  

Жолугушууда эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын билим берүү, илим изилдөө, тажрыйба алмашуу, академиялык мобилдүүлүк программалары багыттарында сөз болду. Окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүн Жон фон Нейман атындагы университетинин илимий журналдарынан басмадан чыгаруу иш аракеттери макулдашылды.

“2020-жылы эл аралык мамилелер факультетинде венгер тили жана маданияты борбору ачылган. Бүгүнкү күндө  борбор ийгиликтүү иштеп, студенттер венгер тилин үйрөнүүдө. Аталган борбордун венгер тили мугалими Давид Киралынын  жардамы менен көптөгөн студенттер 2 жылдан бери Hungaricum программасына катышып, Венгриянын ЖОЖдоруна барып окуп келүүдө. Жакында дагы 5 студентибиз  Венгриядагы Балаши жайкы мектеп программасына окуп келүүгө аттанып жатат”,-деди Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Сайкал Ибраимова.

Делегаттар окуу жайдын эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолугуп, кызматташтыктар боюнча иш-аракеттерди талкуулашты.

2023-жылдын февраль айында ректор Кудайберди Кожобеков Венгер-Кыргыз университеттеринин ректорлорунун эл аралык форумунун алкагында  Венгриянын ELTE (Eötvös Loránd University) университети менен кызматташуу келишимине кол койгон.

Фото галерея