Университеттер аралык аймактык X студенттик олимпиада өттү

Башкы Жаңылыктар

Университеттер аралык аймактык X студенттик олимпиада өттү

Image

2023-жылдын 27-май күнү университеттер аралык аймактык X студенттик олимпиада илимий-изилдөө бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ОшМУда өткөрүлдү. Аймактык олимпиаданы ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору  Руслан Арапбаев ачып,  жети окуу жайдан келип катышып жаткан студенттерге ийгиликтерди каалады. 
Республиканын түштүк аймагындагы жети окуу жайынан  ( ЖАМУ, ЭАУ, ИТЭИ, КӨЭАУ, ОшТУ, ОшМПУ, БАТМУ) илимий иштер боюнча проректорлору, илим бөлүмүнүн башчылары, 500дөн ашуун  студенттер жана жооптуу окутуучулар катышты.
Олимпиада жылдагыдан өзгөчөлөнүп тесттик тапшырмаларды ОшМУнун жооптуу окутуучулары түзүп, санариптештирүү менен өткөрүлдү. Ал эми ОшМУнун студенттери катышышпады, аларга конкурстан сырткары  олимпиада өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылат. 
Олимпиада студенттердин предметтерди тереңдетип үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында илимий жана чыгармачылык ишмердүүлүккө кызыгууну өнүктүрүү максатында уюштурулду.
Олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталып, 1-орун 35 студентке, 2-орун 35 студентке жана 3-орун 35 студентке  1-2-3-даражадагы дипломдор жана белектер берилди. 
Кезектеги университеттер аралык аймактык XI студенттик олимпиаданы өткөрүү эстафетасы ОшТУга берилди.

Фото галерея