Батыш Чех университетинин археологдору изилдөөлөрдү жүргүзүүдө

Башкы Жаңылыктар

Батыш Чех университетинин археологдору изилдөөлөрдү жүргүзүүдө

Image

Батыш Чех университетинин археологдорунун курамында докторанттар Элишка Григорева, Томаш Тесарик, Бурча Жемре Бал жана Денис Джурашовдордон турган делегация ОшМУга келди. Конокторду эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев кабыл алып, ОшМУ, окуу процесси, инфраструктурасы жана эл аралык байланыштары тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле Батыш Чех университети ОшМУнун негизги европалык өнөктөштөрүнүн бири экендигин баса белгиледи.

Учурда Батыш Чех университетинин археологдору  ОшМУ жана Кыргыз Республикасынын илимдер академиясы менен биргеликте  Түштүк Кыргызстандын аймагындагы Ак-Жар участкасында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Археологиялык экспедицияларды чех тараптан доцент Павел Варека, кыргыз тараптан тарых илимдеринин кандидаты Ташбаева Кадича жетектөөдө.

Экспедицияга геологдор, археологдор, PhD докторанттары, ошондой эле ОшМУнун тарых жана социалдык иш факультетинин студенттери катышууда.

Фото галерея