“Илим жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди

Башкы Жаңылыктар

“Илим жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди

Image

2023-жылдын 15-августунда “Илим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы №170 Мыйзамы күчүнө кирди.

Илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын максаттары аныкталды:

1) мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө жана социалдык, билим берүүчү, маданий ж.б. көйгөйлөрдү чечүүгө илимдин, илимий-техникалык, илимий-инновациялык жана илимий-маалыматтык иштин салымын көбөйтүү;

2) илимий жана илимий-техникалык уюмдарды өнүктүрүү жана иштетүү үчүн зарыл шарттарды түзүү, ошондой эле аларды оптималдаштыруу;

3) өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн анын илимий жана илимий-техникалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана өнүктүрүү;

4) илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин социалдык кепилдиктеринин туруктуулугун камсыз кылуу, жакшыртуу жана илимий педагогикалык кадрларды даярдоо;

5) илимий-техникалык маалымат системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү;

6) илимий-техникалык маалымат ресурстарынын жалпыга жеткиликтүүлүгү үчүн зарыл шарттарды түзүү, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

7) илимдин ролун жогорулатуу жана илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти активдештирүү, илимий чыгармачылыктын эркиндигин өнүктүрүү.

Мыйзамда аспирантура, докторантура, окумуштуулук даражалар, илимдин кандидаты, философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор, илимдин доктору, окумуштуулук наам, илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аттестациялоо, илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, илимий инфрастүзүм, илимий-техникалык маалыматтар базасы жана банкы, илимий-техникалык маалымат жана илимий-техникалык маалымат системасы, илимий изилдөө, илимий-изилдөө иштери, тажрыйбалык-конструктордук иштер, илимий-техникалык долбоор жана программа жөнүндө түшүнүктөр, илимий жана илимий-техникалык натыйжасы, инновациялык продукт жөнүндө түшүнүктөр жазылган.

Илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын жылдык чыгашаларынын көлөмүнөн бир пайыздан кем эмесин түзгөн республикалык бюджети;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фонду;

3) бюджеттен тышкаркы фонддор;

4) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;

5) насыялар жана гранттар;

6) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын илимий-изилдєє, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка киреше алып келүүчү иштеринен түшкөн каражаттары;

7) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялар.

Илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүгө көмөктөшүү, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү үчун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фонду түзүлөт.

Мыйзам