ОшМУнун профессору "Ош облусунун Ардактуу атуулу" наамы жана "Даанышман" медалы менен сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун профессору "Ош облусунун Ардактуу атуулу" наамы жана "Даанышман" медалы менен сыйланды

Image

 

Ош мамлекеттик университетинин профессору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек синирген кызматкери”  Гулбадан Матиева  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына жана белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чарада "Ош облусунун Ардактуу атуулу" наамы жана "Даанышман" медалы менен сыйланды.

Профессор Гулбадан Матиева Ош областык администрациясынын ардак грамотасынын (2001), КРнын билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасынын (1999), КРнын “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин (2005), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ардак грамотасынын (2014), “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” (2019) деген ардактуу наамдарынын ээси.  2021-жылы КРнын УИАнын корреспондент-мүчөсү наамы ыйгарылган.

Гулбадан  Матиева ОшМУга, Кыргызстанга илимий кадрларды даярдоодо өзүнүн салымын кошуп келе жаткан окумуштуу. Анын жетекчилигинде 4 илимдин кандидаты илимий иштерин ийгиликтүү коргогон. Ошондой эле 230дан  ашуун илимий макалалардын жана монографиялардын автору. 

 

Фото Ош облусундагы өкүлчүлүктүн баракчасынан алынды

 

 

Фото галерея