ОшМУ «Elsevier» эл аралык маалыматтар базасы менен меморандумга кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ «Elsevier» эл аралык маалыматтар базасы менен меморандумга кол койду

Image

2023-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде “Elsevier” эл аралык илимий-изилдөөчүлүгүнө жазылууну сатып алуу боюнча консорциумга кирген Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ректорлорунун жыйыны болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Elsevier” менен Кыргызстандагы ЖОЖдордун консорциумунун провайдери катары Ош мамлекеттик университетинин ортосунда меморандумга кол коюлду.

«Elsevier» эл аралык маалыматтар базасынын Борбордук Азия жана Азербайжан боюнча аймактык башчысы Дамир Рахметов катышуучуларга тренинг өтүп берди. Андан сырткары Борбор Азия жана Азербайжан боюнча консультанты Рабига Хожамкул,  Борбордук Азия жана Россиядагы Elsevier компаниясынын аналитикалык чечимдер боюнча консультанты Кирилл Иванов ректорлор үчүн эл аралык журналдарда макалаларды жарыялоо, Scopus маалымат базасы менен иштөө боюнча маалымат берди.  

Консорциумдун мүчөлөрү:

1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, ректор Абдрахманов Т.А.

2. К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, ректор Мусаев А.И.

3. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ректор Чыныбаев М.К.

4. И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик мендициналык академиясы, ректор Кудайбергенова И.О.

5. К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети,  Нургазиев Р.З.

6. Ош мамлекеттик университети, ректор Кожобеков К.Г.

7. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, ректор Иманбаев А.А.

8. А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети,  ректор Зулуев Б.Б.

9. Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети,  ректор Зулпукаров А.

10. М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети,  ректор Турсунбаев Ж.Ж.

11. Баткен мамлекеттик университети, ректор Гыязов А.Т.

12. АДАМ университети, ректор Сирмбард С.Р.

13. Жалал-Абад мамлекеттик университети, ректор Усенов К.Ж.

14. “Салымбеков Университети”,  ректор Жумадилов Э.Ж.

15. Кыргыз-Түрк “Манас” университети, ректор Алпаслан Джейлан.

2019-жылы Орто Азия жана Азербайжан боюнча “Elsevier” эл аралык маалыматтар базасынын аймактык директору Алия Оспанова жана Орто Азия жана Россия боюнча илимий изилдөө чечимдери боюнча багыттын жетекчиси Дмитрий Султанов ОшМУга келип, кызматташуу иш-аракетери боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Фото галерея