Андижан мамлекеттик педагогикалык институту менен кызматташуу бекемделет

Башкы Жаңылыктар

Андижан мамлекеттик педагогикалык институту менен кызматташуу бекемделет

Image

Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жасурбек Корабоев баштаган делегация менен ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров жолугушту.

Жыйында эки окуу жайдын өз ара кызматташтыгы, алдыдагы максаттуу пландары боюнча сөз болду.  Андижан мамлекеттик педагогикалык институту Өзбекстандагы кыргыз тилдүү мектептер үчүн адистерди даярдаган жалгыз окуу жай экендиги, учурда бул институт менен окутуучулардын ортосунда илимий иш сапарларды уюштуруу, академиялык мобилдүүлүк, окуу-усулдук колдонмолорду биргеликте иштеп чыгуу сыяктуу багыттарда жумуш жүрүп жаткандыгы айтылды.

Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунан келген делегация жакынкы күндөрү ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековго “Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ардактуу профессору” наамын ыйгаруу чечимин кабыл алгандыгын маалымдап, институт ОшМУ менен жемиштүү кызматташууга кызыктар экендигин белгиледи.

Андижан мамлекеттик педагогикалык институту 2 жыл мурун Андижан мамлекеттик университетинен бөлүнүп чыккан. Учурда институтта 10 миңге жакын студент билим алат.

Фото галерея