ОшМУ Мекке шаарындагы Умм аль-Кура университети менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Мекке шаарындагы Умм аль-Кура университети менен кызматташат

Image

Сауд Арабиянын Умм аль-Кура университетинин  Араб тили институтунун директору  доктор Абдуррахман бин Абдуллах Ал-Курани  баштаган делегация ОшМУда Тило окутуунун усудары боюнча 5 күндүк тренинг өткөрүп жатышат.

Делегация 2-октябрда ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп эки окуу жайдын алдыдагы кызматташтыктары боюнча пикир алышты. Жолугушууда делегациянын башчысы доктор Абдуррахман бин Абдуллах Ал-Курани  Умм аль-Кура университети Сауд Арабиянын Мекке шаарында жайгашкан эң алдыңкы университеттердин катарында экендигин, 100 000ден ашуун студенттер билим аларын белгиледи. Ошондой эле араб тилин окутуу, түрдүү адистиктер боюнча академиялык мобилдүүлүк, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу багытында кызматташууга кызыктар экендигин кошумчалады.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков учурда ОшМУда Чыгыш таануу институту бар экендигин, анда 100дөн ашуун студенттер араб тилин окуп жаткандыгын айтып, университет кызматташууга ачык экендигин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу меморандумун түзүү чечимин кабыл алышты. Андан сырткары ОшМУда "Араб тили" борборун ачуу, эки окуу жайдын  ортосунда окутуучуларды, студенттерди академиялык алмашуу, билим берүү программалары аркылуу кызматташуу багытында сөз болду.

Умм аль-Кура университети шарият мыйзамдары жана араб тили боюнча гана билим бербестен, бизнести башкаруу, ислам экономикасы, маркетинг, инженерия, медицина, архитектура, ошондой эле ар кандай прикладдык, социалдык жана инженердик дисциплиналар боюнча адистерди даярдайт.

Фото галерея