ОшМУда ардагер окутуучуларга жана кызматкерлерге сый көрсөтүлдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда ардагер окутуучуларга жана кызматкерлерге сый көрсөтүлдү

Image

ОшМУда эмгектенип жаткан жана эс алуудагы 500дөн  ашуун ардагер окутуучуларга, кызматкерлерге жана ардагер студенттерге  сый кече уюштурулду.

Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата ар жылы салтка айланып өткөрүлүп келген иш-чара окуу жайдын ректораты, кесиптик бирлиги тарабынан уюштурулуп, ардагерлерге арналып дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланып, ар бирине акчалай сыйлыктар берилди.

Кечеге ОшМУнун медицина факультетинин кечки бөлүмүнүн фармацевтика адистигинде 3-курста окуп жаткан ардагер студент Мамат Кулматов, Искуство факультетинин киноакадемиясынын 1-курсунун студенти Жамбыл Камчиев да конок катары чакырылды.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров, Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Капар Зулпукаров,  ардагер аксакалдар Салы Каримов, Курманалы Матикеев, Арап Анарбаевдер өмүрүн, жаштыгын, эмгегин ОшМУга арнаган агай-эжекелерди, кызматкерлерди майрам менен куттуктап, ден соолуктары чың, өмүрлөрү узун болуусун, университеттин ийгиликтеринде дайыма баш болуп, калыс пикирлерин айтып, жаштарга өрнөк болуп жүрүүсүн тилешти.

Майрамдык кече ОшМУнун искусство факультетинин таланттуу агай-эжейлеринин, студенттеринин концерттик программасы менен коштолду.

 

Фото галерея