“Ак-Буура” кампусунда заманбап окуу-лабораториялык корпусу пайдаланууга берилди

Башкы Жаңылыктар

“Ак-Буура” кампусунда заманбап окуу-лабораториялык корпусу пайдаланууга берилди

Image

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата  ОшМУнун медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпусунун ачылуу аземи болду. Ага Ош шаарынын мэри Бакытбек  Жетигенов баштаган вице-мэрлер, ректор Кудайберди Кожобеков, факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Салтанатта калаа мэри Бакытбек  Жетигенов окуу жайдын жалпы жамааттын жаңы окуу-лабораториянын ачылышы менен куттуктап, анда  “Өлкөбүздөгү алдыңкы жогорку окуу жайлардын сап башында турган, маданият менен көркөм өнөрдүн, тарбия менен таалимдин чордону болгон ОшМУ шаарды көрктөндүрүүдө, жашылдандырууда, социалдык жактан өнүгүүсүндө салымы зор экендигин белгилегим келет. Университет бир гана билим бербестен, Ош шаарынын көйгөйлөрүн чечүүдө, экономикасын көтөрүүдө негизги күч болуп келе жатат. Учурда Ош мамлекеттик университетинде окуу-өндүрүштүк комплекстердин, медициналык клиникалардын иштеп  жаткандыгы мисал боло алат”- деди.

Жаңыдан пайдаланууга берилип жаткан  “Ак-Буура” кампусундагы 5 кабаттуу окуу-лабораториялык корпусунда окуу-лабораториялар, окуу кааналары, лекциялык залдар, бешинчи кабатында заманбап китепкана, окуу залдары орун алган. Имараттын аянты 2008 чарчы метр, курулуштун жалпы сметасы 84 млн сомду түзгөн.

Ошондой эле,  “Ак-Буура” кампусундагы каралбай турган аянт толугу менен реконструкциядан өттү. Атайын веложол үчүн асфальт басылып, жол тамандар төшөлүп, аянттын бир капталы толук жашылдандырылды. Мындан сырткары  унаа токтотуучу жай  уюштурулган.

Фото галерея