ОшМУда ХI Назаровдук окууларга арналган эл аралык конференция уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда ХI Назаровдук окууларга арналган эл аралык конференция уюштурулду

Image

Ош  мамлекеттик  университетинин  МИТ  факультетинин математиканы,   информатиканы  окутуу  технологиялары  жана  билим берүү менеджменти кафедрасы  тарабынан  профессор М.Н. Назаровдун 90 жылдыгына  арналган  XI  Назаровдук  педагогикалык  окуулар:  “Туруктуу өнүгүү  максаттарын  математикалык  билим  берүүгө  интеграциялоо” аттуу  эл  аралык  илимий-методикалык  конференция  уюштурулду.

Аталган  конференциянын  алкагында  комплекстүү  иш-чаралар  уюштурулуп,  экинчи  күнү  конокторго  жаңыдан  жабдылган  профессор М.Назаров  атындагы  “Агартуу  академиясы”  методикалык  кабинетине  жана ОшМУнун музейине экскурсия уюштурулду.   

Конференцияга  өлкөбүздүн  жогорку  окуу  жайларынын окумуштуулары,  изденүүчүлөр  катышты.  Андан сырткары Чуваш  Республикасынан, Португалиядан, Россиядан,  Казакстандан,  Таджикистандан,  Өзбекистандан  окумуштуулар офлайн жана онлайн катышып, баяндамалар жасалды.

ОшМУнун  математиканы  окутуунун  методикасы  кафедрасынын усулдук  семинарлары  катары  башталган  Назаров  педагогикалык  окуулары учурда  аймактык конференциялардын деңгээлине жетип, Жалал-Абад  мамлекеттик  университетинде,  Ош мамлекеттик  педагогикалык университетинде,  Ош  технологиялык  университетинде,  Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде, ОшМУда өткөрүлүп келе жатат.  

Математикалык  билим  берүүнүн  жана маалыматтык  технологиялардын  ар  кандай  актуалдуу  багыттары  боюнча пленардык жана алты секциялык отурумда 130дан ашуун баяндамалар угулду.

Назаров  Мадамин  Назарович  -  кыргыз  интеллигенциясынын  алгачкы өкүлү,  илим  жолуна  биринчилерден  болуп  чыйыр  салган  инсан,  СССРдин Элге  билим  берүүсүнүн,  СССРдин  жогорку  окуу  жайларынын,  Кыргыз Республикасынын  Элге  билим  берүүсүнүн  мыктысы,  педагогика илимдеринин  кандидаты,  профессор,  улуттук  педагогиканын,  өзгөчө  математиканы  окутуунун  усулдарын  изилдөөнүн  көч  башында  турган сыймыктуу окумуштуу-педагог.     1950-жылы  Ош  педагогикалык  институтуна  (азыркы  ОшМУ) тапшырып,  1955-жылы  артыкчылык  диплому  менен  бүтүргөн. 

Конференциянын  катышуучулары  профессор  Мадамин  Назаровдун математиканы  жана  информатиканы  окутуунун  методикасынын өнүгүшүндөгү  маанилүү  ролун,  жаш  илимий  кадрларды  тарбиялоого  жана даярдоого  кошкон  зор  салымын  жана  методист-математиктердин мектебин  түзгөндүгүн  белгилешти.

Эл  аралык  деңгээлдеги  бул  иш-чара  жаңы  чыгармачылык байланыштарды  түзүүгө,  ар  кайсы  өлкөлөрдүн  окумуштууларынын,  илимий жана  билим  берүү  уюмдарынын  илимий  потенциалын  бириктирүүгө  өбөлгө түзөт дейт уюштуруучулар.

Фото галерея