Профессор Абдугани Абдурасулов эл аралык форумда Азия өлкөлөрүнүн атынан мүчөлүккө кабыл алынды

Башкы Жаңылыктар

Профессор Абдугани Абдурасулов эл аралык форумда Азия өлкөлөрүнүн атынан мүчөлүккө кабыл алынды

Image

ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Абдугани Абдурасулов Кытайдын Хайнан провинциясында ушул жылдын 10-11-октябрда өткөн “Айыл чарбасы, тамак-аш коопсуздугу” боюнча Эл аралык форумга катышты.

Профессор Абдугани Абдурасулов форумда “Кыргызстандагы мал чарбасынын генетикалык ресурсу тамак-аш коопсуздугунун бир бөлүгү катары” деген темада презентация жасады.

 “Бул форумдун алкагында жер кыртышын иштетүү, тоюттандыруу, тамак-аш азыктарын сактоо, даярдоо технологиялары боюнча маалыматтарды алдым. Бул өңүттөгү иш-аракеттерди өлкөбүздө жайылтуу маанилүү маселелерден экен. Уюштуруу комитетинин мүчөсү катары мындай иш-чараларды Кыргызстанда, ОшМУнун базасында да өткөрүү демилгесин көтөрсөм деп турам”,-деди Абдугани Абдурасулов.

Форумдун жыйынтыгында профессор Абдугани Абдурасулов Азия өлкөлөрүнүн атынан уюштуруу комитетинин мүчөлүгүнө кабыл алынды. Иш-чарага 47 мамлекеттен 300дөн ашуун адистер катышып айыл чарбасы, тамак-аш коопсуздугу боюнча көйгөйлүү маселелер талкуулашты.

 

Фото галерея