ОшМУнун ректору Быдгощ экономикалык университетинде кызматташуу келишимдерине кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору Быдгощ экономикалык университетинде кызматташуу келишимдерине кол койду

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Польшадагы Быдгощ экономикалык университетинде иш сапары менен барды.

Алгач делегация үч тараптуу келишимге кол коюу аземине катышты. Келишимге ылайык жакынкы аралыкта ОшМУда инновациялык технологиялар борбору ачылат.  Келишим Быдгощ шаардык мэриясынын инновациялык технологиялар борбору, Ош мамлекеттик университети, Быдгощ экономикалык университетинин ортосунда түзүлдү.

Быдгощ экономикалык университетинин ректору, президенти, канцлери менен жолугушуулардын соңунда эки өлкөнүн ортосундагы жогорку окуу жайларынын кызматташтыктары боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Анын негизинде экологиялык коопсуздук темасын камтыган долбоор ишке аша турган болду. Ал долбоорго Европалык Союздан 2 млн сомго жакын грант бөлүнгөн. Бул долбоор боюнча жакын аралыкта Польшадан тренерлер келип окутуучуларга, студенттерге экологиялык коопсуздук багытында окутууларды өткөрөт.

Иш сапардын алкагында ОшМУдан барган делегация Быдгощ экономикалык университетинин медицина адистигин аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн салатанаттуу аземине катышты. Анда ректор Быдгощ экономикалык университети Ош мамлекеттик университетинин ар тараптуу кызматташуудагы ишенимдүү, стратегиялык өнөктөшү болоорун, эки окуу жайдын ортосундагы тыгыз кызматташтык, билим берүү, илим жаатындагы биргелешкен долбоорлор, алдыдагы пландар шыктандырарын белгиледи. Быдгощ университетинин медицина факультети менен онкологиялык оорулардын алдын алуу, диагностикалык профилактика жүргүзүү жаатында биргелешкен долбоорду ишке ашыруу пландалып жаткандыгын кошумчалады.

Фото галерея