Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун  95 жылдыгына карата иш-чаралар өтөт

Башкы Жаңылыктар

Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун  95 жылдыгына карата иш-чаралар өтөт

Image

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына карата ОшМУда “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы” аталышында мамлекеттик тилдин  үч айлыгы жарыяланды.

Үч айлыктын алкагында, студенттер арасында “Айтматовдун каармандары ОшМУда” композициялык көрүнүштөрдүн сынагы өткөрүлөт. Сынакта катышуучулардын сахналык көрүнүштөрдө адабий тилдин  нормасында сүйлөөсү, каармандын образын ачууда сырткы формасы, актердук чеберчилиги жана сахнада өзүн алып жүрүүсү каралат.

Ошондой эле бул сынактын алгачкы этабы  окуу жайдын бардык факультет жана колледждерде өткөрүлүп, мыкты делген сахналык  коюмдар 12-декабрда залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата өткөрүлүүчү иш-чарада  коюлат жана жеңүүчүлөр аныкталып, атайын сыйлыктар тапшырылат.  

Кечээ, 24-октябрда алгачкы иш-чара Тарых жана социалдык иштер факультетинде өткөрүлдү.

Иш-чара ОшМУнун мамлекттик тил жана социлдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова тарабынан уюштурулууда.

Фото галерея