ОшМУнун студенти кургак учук илдетин чагылдырууда сыйлыкка татыды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти кургак учук илдетин чагылдырууда сыйлыкка татыды

Image

Бишкекте USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору ММК менен 4 жылдык кызматташуунун жыйынтыктары  жана КРда кургак учук темасын чагылдыруунун келечеги талкууланды. Жумушчу кеңешмеге  ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева катышып, баяндама жасады.
Мында ОшМУда USAIDдин "Кургак учукту айыктыруу" долбоорунун алкагында кургак учукка каршы күрөшүү жана алдын алуу багытында иштер эки жылдан бери өткөрүлүп, Медицина жана Кыргыз филологиясы жана журналистика факультеттеринин студенттерин атайын окутуудан өткөндүгү боюнча маалыматтар  айтылды. Анда 60ка жакын ыктыярчы даярдалып, ыктыярчылар окуу жайдагы башка факультет колледждерде билим алган студенттерге түшүндүрүү иштериналып баргандыгы кошумчаланды.
Ошондой эле, кеңешменин алкагында саламаттык сактоо министрлиги жана Улуттук фтизиатрия борбору менен биргеликте USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору тарабынан атайын сынак уюштурулган. Ага ОшМУнун журналистика адистигинин 3-курсунун студенти Муслима Довурова катышып, " “Маалыматтык интернет-ресурстардагы мыкты иши” номинациясы менен сыйланды.

Фото галерея