ОшМУ Борбор Азиядагы эң мыкты 3 университеттин катарында. Эми эл аралык рейтингге кирүүгө багыт алды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Борбор Азиядагы эң мыкты 3 университеттин катарында. Эми эл аралык рейтингге кирүүгө багыт алды

Image

Ош мамлекеттик университети билим менен илим айкалышкан, өсүп-өнүгүүгө багыт алган,  эл аралык билим берүү мейкиндигине кучак жайган окуу жай.  Азыркы заман талабына ылайык улам жаңы демилгелерди баштап, долбоорлорду, максаттарды ишке ашырып, эл аралык Qs рейтингине кирүүгө ишенимдүү кадам таштоодо.

Жыл ичиндеги окуу жайдын жетишкендиктери, алдыдагы пландары боюнча ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков ой бөлүштү.

 

ОшМУ “ӨЗГӨЧӨ МАКАМ” АЛГАН ОКУУ ЖАЙ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы  Жарлыгынын негизинде  ОшМУга өлкөдөгү алдыңкы 5 окуу жайдын катарында  “Өзгөчө макам” ыйгарылды. Өзгөчө макамга ылайык билим берүү программаларынын стандарттарын түзүүдөн баштап финансылык, административдик жактан да автономия берилди. Ошону менен бирге мамлекет тарабынан дүйнөлүк QS рейтингине миңдикке кирүү талабы коюлду. Бул багытта окуу жайда “Ош мамлекеттик университетинин 2023-2026-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн модели” стратегиялык программасы бекитилип, 7 багыттуу стратегиялык приоритеттер жол картасы иштелип чыкты.

АЛМАШУУ ПРОГРАММАЛАРЫ ЖЕМИШИН БЕРҮҮДӨ

ОшМУ учурда QS рейтингинин критерийлерине ылайык, университеттин дүйнөлүк академиялык чөйрөдөгү таанымдуулугун жогорулатуу максатында эл аралык илимий, академиялык жана Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү максаттарына дал келген иш-чараларда активдүү катышууда.

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 300дөн ашык университеттери менен эки тараптуу кызматташууда. Бул кызматташуу келишимдеринин саны 2022-2023-окуу жылында 309га жетти.

Быйылкы окуу жылында 700дөн ашуун студент, магистранттар, 300дөн ашуун окутуучулар академиялык мобилдүүлүк боюнча келишим түзүлгөн чет өлкөлүк университеттерден окуп, тажрыйба алмашып келишти.

БИЗДИН СТУДЕНТТЕР 2 ӨЛКӨНҮН ДИПЛОМУН АЛУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮНӨ ЭЭ

Акыркы бир жылда 38 окуу жай менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдер түзүлүп, эл аралык байланышыбыз бир топ кеңейди. ОшМУ АКШ, Кытай, Малайзия, Германия, Франция, Венгрия, Польша, Түштүк  Корея, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринин бир нече  ЖОЖдору менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол койду.

Белгород мамлекеттик университетинде 5 магистрант кош дипломдуулук боюнча билим алып, жыйынтыгында эки өлкөнүн ЖОЖдорунун дипломуна ээ болушту.

Ал эми  Түштүк-Урал мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн меморандумдагы кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча алгачкы студенттер быйыл эки окуу жайдын дипломун алышат.

Үстүбүздөгү жылы ОшМУда Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин  филиалы - казак тили жана маданияты борбору, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин  ОшМУдагы Ломоносов атындагы борбору, “Өзбек тили жана маданияты” борбору расмий ачылды.

Ал эми ОшМУнун филиалы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде ачылса, А.Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде ОшМУнун “Ч.Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты” борборунун расмий ачылышы болду. Алдыда Кытайдын Сиань шаарындагы Сыюань университетинде “Кыргыз тили жана маданияты” борборун ачуу пландалууда.

ЖАҢЫЛАНГАН ИНФРАСТРУКТУРА –ЗАМАНБАП БИЛИМ

      Студенттерге заман талабына ылайык билим берүү жана окутуучулардын эмгектенүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратуу  негизги талаптардын бири.

Университетте жалпысынан 27 окуу имарат, 10 жатакана, 80 лекциялык зал, 19 жыйындар залы, 52 лаборатория, 69 компьютердик зал жана 9 тестирлөө борборлору бар. Имараттарга  500 даана видео  көзөмөл орнотулган.

2022-2023-окуу жылында ОшМУда “Ак-Буура” кампусунда 5 кабаттуу окуу-лабораториялык корпусу,Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин 5 кабаттуу ветеринардык клиникасы, Искусство факультетине кошумча окуу корпусунун курулушу аяктап, колдонууга берилди.

Андан сырткары Ош шаарынын эски ооруканасынын ордундагы 7 кабаттуу ОшМУнун медициналык клиникасынын, “Ак-Буура” эс алуу жана реабилитациялоо борборунун, Ысык-Көлдөгү “Үмүт” пансионатын курулуш иштери жүрүүдө. Жыл ичи университеттин бардык факультеттери, колледждери капиталдык толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жеңил типтеги курулуштар жүргүзүлдү.

СТУДЕНТТЕРГЕ ТҮЗҮЛГӨН ШАРТТАР

Студенттерди ар тараптан калыптандырууда ийримдер, борборлор өз ишин алып барууда, андан сырткары окууда, илимде, коомдук, маданий иштерде ийгиликтерге жетишкен студенттерге ар тараптан колдоолор көрсөтүлүп келет.

Олимпиаданын, эл аралык фестивалдардын, спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө атайын белгиленген акчалай сыйлыктар каралган. Ошондой эле социалдык колдоого муктаж студенттерге 5 000 000 сомдон ашуун колдоолор көрсөтүлөт. Университеттин студенттик профилакториясында жылына  400 студент  кабыл алынып, ар бир айда  50 студент акысыз дарыланып чыгат.    

Эң мыкты 6 студент КР Президентинин стипендиясын, 10 студент ОшМУнун 1,200$ өлчөмүндөгү Атуулдук стипендиясын, 25 студент  Окумуштуулар кеңешинин стипендиясын алышты.

Башка окуу жайлардан айырмаланып ОшМУда 1-курска кабыл алынган студенттер ОшМУнун медициналык клиникасынын акысыз кароодон өтүшөт.

      Спорт жаатында да ийгиликтерибиз арбын. “Университет-ОшМУ” волейбол кыздар клубу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы тарабынан уюштурулган кыз-келиндер арасындагы клубдар аралык чемпионатында жана КР волейбол боюнча Президенттин кубогунда 2 ирет чемпион аталды.  КРдин волейбол  боюнча жогорку лигасындагы клубдар аралык мелдеште ОшМУнун “Университет-ОшМУ” волейбол балдар клубу 2023-жылы чемпион болду. Кичи футбол курама командасы “Супер лигада” финалга жолдомо алды. “ОшМУ-Алдиер” футбол клубу чоң оюндарда өзүн мыкты деңгээлде көрсөтүүдө. Быйылкы жылы Бириккен Араб  Эмирлигинин Дубай шаарында өткөн Азия чемпионатында ОшМУнун дене тарбия факультетинин магистранты Гулшаной Сатарова Кыргызстандын кыздар курама командасы менен  21.1 км аралыкка чуркоо боюнча марафондо 1-орунду ээледи. 

ОшМУнун искусство факультетине студенттердин окуу шарттарын жакшыртуу максатында музыкалык аспаптар, улуттук кийимдер сатылып алынды. Кыргыз  кино, театр өнөрүн өнүктүрүү максатында ачылган Искусство факультетинин киноакадемиясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, заманбап техникалар менен жабдууга, кесипкөй адистер менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда.          Киноакадемия ачылгандан тарта 5 спектакль, 9 кыска метраждуу тасма, 1 даректүү тасма, 5 видео клип, 8 массалык оюн-зоок программалары коюлду. Декабрь айында Киноакадемия тарабынан тартылган “Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү-көркөм фильми коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Киноакадемиянын студенттери Республикалык “Жаңы жүздөр” театр сынагында бир нече жыл катары менен баш байгени багындырып келет. 

ОшМУ ГОРИЗОНТТОРДУ КЕҢЕЙТЕТ

Эл аралык таанымга  ээ болуу үчүн көз карандысыз аккредитацияга жана рейтингге катышуунун мааниси зор. Бул багытта университеттин жамааты бир нече жылдан бери QS дүйнөлүк рейтингинде системалуу иштерди аткарууда.

Кыргыз Республикасынжагы  ЖОЖдордун институционалдык рейтингинде (НААР), Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун Улуттук рейтингинде ОшМУ институционалдык, бакалавриат жана магистратуранын билим берүү программалары боюнча өлкөдө сап башына чыгып, 5 жылдан бери 1-орунду камсыздап келет.

2022-2023-жылы “IAAR EUR” Евразиялык рейтингинде ОшМУ Борбор Азиядагы эң мыкты 3 университеттин катарына кирди. Андан сырткары  институционалдык аккредитациядан 7 жылга ийгиликтүү өттү.

ИЛИМ – ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ

ОшМУ илимий даражалуу окутуучулардын саны боюнча эң чоң окуу жайлардын катарына кирет. Өлкө боюнча илимдин кандидаттарынын жана докторлорунун жалпы санынын 10%дан ашыгы ОшМУда эмгектенишет. 

2022-2023-окуу жылында 4 илимдин доктору, 19 илимдин кандидаттары диссертацияларын жактады. Окуу жайда кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргогондорго 50 миң сом, докторлук диссертациясын ийгиликтүү  коргогондорго 100 миң сом колдоо көрсөтүлүп келет.

Эл аралык денгээлде таанылган Scopus илимий журналына макалаларын жарыялап, өзүнүн Хирш Индексин жана окуткан багыттын рейтингин жогорулаткан окутуучуларга стимул катары акчалай сыйлык берилип келе жатат. 2023-жылдан тарта Scopus базасында индекстелген илимий журналдарга 12 макала чыгарган 10 автор 15 000 сомдон  75 000 сомго чейин бир жолку сыйлык акы менен сыйланды. Жалпысынан  315 000 сом акчалай сыйлык ыйгарылды.

 Профессордук-окутуучулук курамдын электрондук өздүк баракчасы түзүлүп, анда ар бир окутуучуга  рейтингге катышууга мүмкүнчүлүк жаралды. 2022-жылдын жыйынтыгында  206 окутуучуга атайын каражаттын эсебинен 2023-жылга ай сайын сыйлык акылар төлөнүп баштады.

Андан сырткары ОшМУнун стимул берүүчү гранттары аркылуу аткарыла турган долбоорлор боюнча атайын сайт иштелип чыкты.

Open Journal System  программасынын негизинде ОшМУнун илимий журналдарынын интернет сайты түзүлүп, макала кабыл алуу, рецензирлөө жана жарыялоо толугу менен онлайн түрүндө ишке аша баштады. Окуу жай EIFL консорциумунун мүчөсү катары Mathematical Science Publisher -математикалык журналдардын электрондук  топтому ресурсун пайдалануу лицензиясына ээ болду.

2022-жылы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ортосунда Scopus эл аралык илимий-метрикалык маалыматтар базасына жазылууну сатып алуу үчүн консорциум түзүлүп, ОшМУнун провайдерлиги астында  Кыргызстандын 15 ЖОЖунда Scopus базасына кирүүгө мүмкүндүк жаралды.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨН - ӨНДҮРҮШКӨ

Окуу жайды өндүрүштүк университетке айлантуу максатында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү”  программасынын алкагында ОшМУда "Алдыңкы тажрыйба борбору" ачылган. Борбордун биринчи кабатында окуу-өндүрүштүк комплекс үчүн тигүү цехтери,  программалык жабдуу менен камсыздоочу өндүрүштөр орун алган. Окуу-өндүрүштүк комплексинде 42 заманбап тигүү жана лазерь машинасы орнотулган. Анда студенттер сабактан сыркары жумуш аткарат жана практикаларын өтөйт. Ачылгандан тарта, аткарылган иштердин суммасы 2 млн сомдон ашты.

Университеттин медициналык клиникасында ушул жылы операциялык, жандандыруу жана хирургия бөлүмдөрү ачылып, алгачкы жолу оор операция жасалды. Клиника үчүн атайын шаар тургундарын тейлөө үчүн тез жардам унаасы алынды. Андан сырткары стоматологиялык клиника ишке кирди.  Стоматологиялык клиникада 553 оорулуу дарыланып чыкты.

Жакынкы күндөрү кардиохирургиялык ачык операциялар жасоо пландалууда. 2024-жылы 24-июлда Түркиянын Малатия шаарындагы Инону университети менен биргеликте боор алмаштыруу боюнча Кыргызстанда алгачкылардан болуп операция жасоо күтүлүүдө.

 

МААЛЫМАТТЫК-КОММУНИКАЦИЯЛЫК ИНФРАСТРУКТУРА

Университетте бардык кыймыл-аракеттер толук түрдө электрондук форматта ишке ашырылууда. Абитуриент окуу жайга тапшыргандан тартып, колуна диплом алганга чейинки процесс санариптештирилген.

Компьютердик кыргыз илим жана билим тармагы менен болгон келишиминин алкагында Кыргызстандын түштүгүндө биринчи болуп ОшМУ Eduroam Wi-Fi түйүндөрүндө эл аралык роуминг кызматы зымсыз кең тилкелүү кирүүгө, илимий ресурстарга кошулууга, глобалдык  инфраструктура идентификация жана аутентификация технологияларына негизделген жумуштарга, эл аралык видеоконференцияларды пайдаланууга, дистанттык окуу үчүн кызматтарга, системалык администраторлор үчүн акысыз окутуу жана квалификацияны жогорулатууга багытталган кызматтарды пайдаланууга шарт жаратты.

Интернет коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен түзүлгөн өз-ара кызматташуу келишиминин алкагында Кыргызстандын түштүк регионун жана Фергана өрөөнүн тейлеген санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуучу локалдык интернет алмашуу пункту түзүлдү.

Университетте бардык багыт боюнча санариптик платформалар иштелип чыкты. Бул программалар университеттин программисттери тарабынан түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын жана инновацияларынын сертификациялоодон өткөн.

ОшМУ – БИЗНЕС ЖАНА ИШКЕРДИККЕ ШЫКТАНДЫРАТ

Университеттин негизги көрсөткүчү сапаттуу бүтүрүүчү болуп саналат. Андыктан өлкө башчыбыздын тапшырмасына ылайык ОшМУда атайын ойлоп табуучулардын чоң ордосу болгон Бизнес парк түзүлүп, иштей баштады.  Бул борбор студенттердин ойлоп тубууларын, долбоорлорун ишке ашырууга ыңгайлуу база болуп саналат.

ОшМУнун Бизнес паркы иштеп баштагандан бери 13 жолу тренинг өткөрүлдү.  Анын жыйынтыгында  538 бизнес-идеялар инвесторлорго сунушталды. 7 млндон сомдон ашуун 49 бизнес долбоор инвесторлор тарабынан жактырылды жана каржыланды.

ОшМУнун Бизнес паркы эл аралык уюмдар жана алдыңкы ата мекендик компаниялар менен  тыгыз кызматташып, жалпы суммасы 6 млндон сомдон ашуун  инвестиция тартты.

Жыйынтыгында 2022-жылдын июнь айынан бери жалпы тартылган инвестициянын суммасы 13 млн сомдон ашты.

Бүгүн эл аралык Qs рейтингине кирүүгө ишенимдүү багыт алган Ош мамлекеттик университетинде 2 институт, 17 факультет, 1 жогорку мектеп, 1 дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борбору, 6 орто кесиптик билим берүүчү окуу жайы,  1 лицей, 1 башталгыч билим берүү борбору, 4 гимназия, 30 окуу-усулдук, маданий-эстетикалык, ресурстук борборлор,  10 жатакана, 2 медициналык клиника бар. Окуу жайда 50 000ге жакын студент билим алат, алардын ичинен 13 000ден ашууну алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн келип билим алгандар. 

Биздин алдыбызга койгон негизги максатыбыз – дүйнөлүк рейтингдеги университеттердин тобуна кирүү жана өлкөнүн билим берүү, илим изилдөө жаатында өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат.

ОшМУ – биз менен дүйнөнүн эшигин ач

Фото галерея