ОшМУнун кадрлар резерви өткөргөн II этаптагы сынактын жыйынтыгы чыкты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кадрлар резерви өткөргөн II этаптагы сынактын жыйынтыгы чыкты

Image

ОшМУнун профессордук-окутуучулук кызмат орундарын ээлөө боюнча сынактын экинчи этабынан 118 талапкер өттү. Алар педагогика, психология предметтери боюнча тесттен 70 баллдан жогору алышты. Сынакка 170 талапкер катышты.

Педагогика, психология боюнча тесттен ийгиликтүү өткөн талапкерлердин сабак өтүү жөндөмдүүлүгү окуу жайдын окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан каралып, мониторинг жүргүзүлөт. Окутуу критерийлеринин талаптарына жооп бергендер, жумушка кабыл алынат.

ОшМУда кадрлар резервине конкурс 2019-жылдан бери өткөрүлүп келет. Сынактан өткөн талапкерлердин учурда 90 пайызы жумуш менен камсыз болгон.

Фото галерея