ОшМУ: Түркиядан “Кангал” тукумундагы кочкордун тоңдурулган уруктары Кыргызстанга алып келинет

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ: Түркиядан “Кангал” тукумундагы кочкордун тоңдурулган уруктары Кыргызстанга алып келинет

Image

ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы, профессор Абдугани Абдурасулов жана  окуу жайдын рейтинг бөлүмүнүн инспектору, PhD Айнура Кулназарова 22-26-январь күндөрү академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Туркиянын Сивас шаарындагы Сивас Жумхурийет университетинде болушту.

Сивас Жумхурийет университеттин проректору, профессор Хилми Атасевен, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, Эразмус+ институтунун координатору професор Али Аксу, Ветеринария факультетинин деканы, профессор Барыш Аталай Услу жана окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушту.  Тараптар алдында кызматташуу боюнча пикир алышты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында ОшМУнун ветеринардык клиниканын дарыгерлерин Сивас Жумхурийет университетинин клиникаларында тажрыйбасын жогорулатуу, Сивас шаарында “ОшМУнун маданият жана билим күндөрүн” өткөрүү боюнча макулдашуулар жактырылды.

Иш сапардын алкагында Сивас Жумхурийет университетинин ветеринардык клиникасы, илим изилдөө лабораториялары менен жакындан таанышып, академиялык мобилдүүлүк, кадрларды даярдоо, илим-изилдөө иштерин биргеликте жүргүзүү маселелерин талкуулашты. Аталган окуу жайда академиялык мобилдүүлүк боюнча билим алып жаткан ОшМУнун студенттери менен да жолугушту.

Профессор Абдугани Абдурасулов окуу жайда “Кыргызстандагы айыл-чарба малдарынын генетикалык ресурсу жана ветеринария кызматынын өсүшү” деген темада конок лекция окуду. Андан сырткары Сивас облусундагы “кангал” тукумундагы кочкорлордун, кароолчу иттердин тоңдурулган уруктарын Кыргызстанга алып келүү менен өлкөдөгү койлордун жана иттердин асыл тукумдуулугун жакшыртуу максатын көздөгөн илимий изилдөө иштерин жүргүзүү пландашылды. “Кангал” тукумундагы койлор 14 кабыргасы менен айырмаланат. “Кангал” иттери болсо бодо мал кайтаруучу, коргоочу катары белгилүү.

Учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессорлорунун жардамы менен Сивас университетинин паразитология лабораториясында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан 530 уйдан алынган кандын анализи уйлардын тейлериоз жана башка орууларын изилдөө максатта текшерилүүдө.

Фото галерея