И.Раззаков: Тоолук жаштар тоолорду көрүп окусун деп окуу жайдын имаратына ушул жерди өзүм тандадым

Башкы Жаңылыктар

И.Раззаков: Тоолук жаштар тоолорду көрүп окусун деп окуу жайдын имаратына ушул жерди өзүм тандадым

Image

Исхак Раззаков өзүнүн сөзүн мындайча баштады: “Урматтуу студенттер. Силер биздин өлкөнүн келечегисиңер мен ушул жаңы институттун имаратын Ош шаарынын кайсыл жерине курсак деп, Ош облусунун жана шаарынын жетекчилеринен сурасам темир жолдун жээгине деп айтышты эле. Мен ага макул болгонум жок. Орто Азияда ортосунда тоосу бар бир гана Ош шаары бар. Ошондуктан ушул институтту Оштун ортосундагы Сулайман Тоосунун күн чыгыш түбүнө куралы. Биздин өлкө тоолуу өлкө, ал эми ушул институтка өзүбүздүн тоолук жаштар келип окушат. Алар танаписке чыкканда өздөрү жашаган тоолорун көрүп, өздөрүнүн айылын элестетип окуп жүрүшсүн деп, ушул жерди өзүм тандадым. Эми ушул жерге институт курулат” дегенде, залдагы баардык окутуучулар жана студенттер ордуларынан тура калып кол чапканбыз.

1960-жылдын октябрь айы болчу. Инстутутка Кыргыз ССРнин Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Исхак Раззаков келди. Исхак Раззаков орто бойлуу жөнөкөй кичи пейил киши экен,- деп эскерет Ош  мамлекеттик  педагогикалык  институтунун 1962-жылы бүтүрүүчүсү Рыспай Дөөдүев.

Маалымат “Ош мугалимдер институтунан башталган жол” (2014-жыл, Ош шаары) китебинен алынды.