ОшМУдан алган билимим келечекте жашоомо жарык нур чачарына ишенем...

Башкы Жаңылыктар

ОшМУдан алган билимим келечекте жашоомо жарык нур чачарына ишенем...

Image

Учурда Түркиядагы Сивас Жумхурийет университетинде  академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алып жаткан Жанара Жаныбаева окуудан сырткаркы бош убактысында детектив китептерди окуп, комуз, гитара аспаптарында ойной  тургандыгын айтты.

Бала чагымда дарыгер болом деп кыялданчу эмесмин. Көбүрөөк тилдерди үйрөнүп, ушул багытта  жумушум болот го деп ойлочумун. Кийинчерээк эжемди көрүп медицинага болгон каалоом, кызыгуум күчөдү дейт Жанара Жаныбаева www.oshsu.kg  сайтына берген маалыматында.

Анын айтымында жашоодо ар адам үчүн  багыт берген,  талантын  ачып,  сүйгөн кесибин таап, жашоодо өз ордун табуу үчүн  жол көрсөткөн адам керек. Анын жашоосунда мындай адам  эжеси болгон. Учурда бир тууган эжеси Рейна Жаныбаева ОшМУнун медицина факультетин аяктап, Түркиянын Анкара шаарында ординатурада билим алып жатат.

     

“Атым Жанара, 20 жаштамын. ОшМУ медицина факультетинде 3- курста билим алам. Ош облусунун  Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын кызымын. Учурда академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Сивас Жумхурийет университетинде  билим алып жатам. Мобилдүүлүк программасы боюнча координатор Айнура Кулназарова эжекеден  угуп документ тапшырып калдым. Учурдан пайдаланып ар дайым мени менен байланышта болгон, жардам берген эжекеге ыраазычылык билдиргим келет.  Сивас университетинин билим берүү системасы мага аябай жакты. Себеби медицинасы жакшы өнүгүптүр. Университеттин китепканалары студенттер үчүн  ынгайлуу, болгондо да 24/7 иштешет экен. Издеген маалымат, китептерди женил таба аласын.

 Учурдан пайдаланып студенттерге тил үйрөнгүлө, чет өлкөлөргө чыгып билим алганга  аракет жасагыла, жер көрүп, эл тааныгыла, билиминерди жогорулаткыла дегим келет. Мен өзүм да билим алуудан талбай, дагы да башка өлкөлөрдөгү окуу жайларга академиялык мобилдүүлүк программасы менен окуп, билимимди өркүндөткөнгө аракет кылам. Келечекте тажрыйбалуу акушер-гинеколог катары  наристелердин жарык дүйнөгө келүүсүнө себепкер болгум келет.  Түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөй алам, бир кезде алган мыкты билимдерим келечекте жашоомо жарык нур чачарына ишенем.

ОшМУ мен үчүн түгөнгүс билим берип, туура жол көрсөткөн билим булагы.  ОшМУ аркылуу көптөгөн мыкты досторду таптым, билим аркылуу дүйнө кыдырууну баштадым,  көптөгөн ийгиликтерге жетишип келе жатам. 85 жылдык мааракең кут болсун ОшМУ”, -деди ал.