ОшМУда чет өлкөлүк студенттер менен иштөөнүн  абалы кандай? 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда чет өлкөлүк студенттер менен иштөөнүн  абалы кандай? 

Image

Кыргызстандагы Эл аралык миграция уюму Бишкекте мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана чет өлкөлук студенттер менен иштеген жогорку окуу жайларынын кызматкерлери үчүн үч күндүк тренинг өткөрдү. Тренингге ОшМУнун коопсуздук кызматынын жетекчиси Нурлаким Арзиев жана эл аралык медицина факультетинин деканынын орун басары Тимур Пайзилдаев катышты.
Тренингде чет элдик студенттердин Кыргызстанда окуу учурундагы коопсуздугунун сакталышы негизги маселе катары каралды.  ОшМУдан барган өкүлдөр окуу жайдын чет элдик студенттери менен жергиликтүү коомчулукту ийгиликтүү интеграциялоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чараларга токтолуп, кылмыштуулуктун алдын алуу жана чет элдиктер тарабынан укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер тууралуу айтып беришти. 
Окутуу “Кыргыз Республикасындагы эл аралык мигранттарга карата ксенофобияга жана антимигранттык маанайга каршы күрөшүү аркылуу социалдык биримдикке көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор өлкөдөгү  мигранттардын социалдык биримдикке жана социалдык-экономикалык өсүүгө активдүү көмөктөшүүсү аркылуу  жана Кыргыз Республикасындагы чет элдик студенттердин коопсуздугун жакшыртууга багытталган.
Тренингдин жыйынтыгында катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды.
Учурда ОшМУда алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн 13 миңден ашуун студент келип билим алат.

Фото галерея