ОшМУнун 85 жылдык мааракесине 85 түп ак кайын көчөттөрү отургузулду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине 85 түп ак кайын көчөттөрү отургузулду

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата «Ак-Буура» кампусунда 85 түп ак кайың көчөттөрү отургузулду.

“Келечектеги жаштарды тарбиялоо, келечекке үрөөн себүү максатында бүгүн окуу жайдын короосуна ушундай 85 түп ак кайың көчөттөрүн отургуздук. Мындан 10 жыл, 20 жылдан кийин да ушул отургузган көчөттөрүбүз бак болуп 85 жылдыкты символикалуу белгилеп турат деп ойлойбуз”,-деди окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков.

Көчөттөрдү отургузуу иш-чарасына окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

ОшМУнун “Ак-Буура” кампусунда Медицина, Эл аралык медицина факультеттери, окуу-лабораториялары, Медициналык клиника жайгашкан. Буга чейин аталган аймакта Ош шаарындагы жол тыгындарын жоюу, жол коопсуздугунун алдын-алуу максатында 300 орунга ылайыкташкан  унаа токтоочу жай колдонууга берилген.

Фото галерея