Элчи Руслан Казакбаев студенттерге лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Элчи Руслан Казакбаев студенттерге лекция окуду

Image

ОшМУнун чыгыш таануу институтунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы жана Израилдеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев конок лекция окуду. 

Онлайн форматта уюштурулган конок лекция "Кыргызстан - Түркия дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" деген темада өттү. Ага институттун студенттери, магистранттары жана профессордук-окутуучулук курамы катышты. 
Конок лекцияда Түркия боюнча суроолорду берип, суроолорго жооп берген студенттерге элчиликтин атынан атайын белектерди жөнөтөөрүн убадалады.

Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Жолдошбек Бөтөнөев элчи Руслан Казакбаевге ыраазычылык билдирди.

Фото галерея