"Курбу-Таш токой" долбоорунун алкагында 2миңден ашуун көчөт отургузулду

Башкы Жаңылыктар

"Курбу-Таш токой" долбоорунун алкагында 2миңден ашуун көчөт отургузулду

Өзгөн районуна караштуу Курбу-Таш айылында ОшМУ тарабынан аткарылып жаткан "Курбу-Таш токой" долбоорунун алкагында 2миңден ашуун арча, карагай, кайың жана жаңгак көчөттөрү отургузулду.  Бул жылга аталган долбоордун алкагында 7145 түп  көчөт отругузуу пландалган.

Иш-чара ОшМУнун комплекстүү "Курбу-Таш тоо токой питомниги" бизнес инкубаторун уюштуруу долбоорунун негизинде Ага Хан Фонду, "ЮгЛес" коомдук фонду  жана Жалпак Таш айыл өкмөтү тарабынан биргелешкен өнөктөштүк долбоорунун алкагында уюштурулду.

Ага Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин, Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун жана Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери катышты.

Иш-чара КРсындагы жашылдандыруу жана токойлорду кеңейтүү доолборунун алкагында өткөрүлдү.  Жашылдандыруу боюнча Ага Фондунун бул демилгеси Кыргыз Рсепубликасынын  “Жашыл Мурас” өнөктүгүнө салым кошуп, өлкөдөгү климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуулукту калыптандырууга багытталган.

Фото галерея