ОшМУда ЖОЖдор аралык “Фиджитал оюндары I” киберспорт турнири өтөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда ЖОЖдор аралык “Фиджитал оюндары I” киберспорт турнири өтөт

Image

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата Кыргызстан киберспорт федерациясы ОшМУ менен биргеликте жогорку окуу жайлардын арасында биринчи жолу “Фиджитал оюндары I” киберспорт турнирин өткөрөт.

Эгер футболго жана киберспортко жакын болсоңуз, анда виртуалдык жана реалдуу дүйнөнү айкалыштырган жаңы сынакта күч сынап көрүңүз!

Оюн 2 этап менен өтөт.

Биринчи этапта командалар футбол симуляторунда мелдешет.

Экинчи этапта командалар мини футбол талаасында оюн көрсөтүшөт

Оюндун жүрүшү ОшМУнун ютуб каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Оюн 2024-жылдын 18-май күнү ОшМУнун башкы имаратында өтөт.