ОшМУда “Фиджитал оюндары I” киберспорт турнири өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда “Фиджитал оюндары I” киберспорт турнири өттү

Image

 

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата  жогорку окуу жайлар аралык  “Фиджитал оюндары I” киберспорт турнири өттү. 

1-этапта  футбол симуляторунда,  2-этапта мини футбол талаасында оюн болду. Оюндун жүрүшү ОшМУнун ютуб каналында түз эфирде көрсөтүлүп турду. 

Мелдешке ОшТУ, КӨЭУ жана ОшМУнун студенттеринен турган 8 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду ээлеген КӨЭУнын “Navi”командасы кубок, медаль, 15000 сом акчалай сыйлык, 2-орунду ээлеген ОшМУнун МФТИТ институтунун “Мадрид” командасы  10000 сом акчалай сыйлык, 3- орунду ээлеген ОшМУнун медицина факультетинин “Медфак-3” командасы 5000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.  

Фиджитал оюндарын ОшМУнун МФТИТ институту демилгелеп Кыргызстан киберспорт федерациясы менен биргеликте өткөрдү.

Фото галерея