Гендерге сезимтал журналистика боюнча тренерлер үчүн беш күндүк тренинг аяктады

Башкы Жаңылыктар

Гендерге сезимтал журналистика боюнча тренерлер үчүн беш күндүк тренинг аяктады

Image

 

Бул окутуу Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн «Media-K» долбоорунун алкагында Ош мамлекеттик университети менен биргеликте өткөрүлдү. Окутууга Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайдын журналистика факультеттеринин 19 окуутуучусу катышты.

Катышуучулар студенттер үчүн гендердик сезимтал журналистика боюнча практикалык семинарларды өткөрүүгө ниеттенген мугалимдердин жана эксперттердин арасынан тандалып алынган.

Тренингди медиа тренерлер Бактыгүл Исланбекова, Марс Тулегенов, Тынчтыкбек Бакытов , Элима Жапарова  өткөрүштү.

5 күндүк TOT программасынын жүрүшүндө катышуучулар ЖМКда гендердик сезимтал темаларды чагылдыруу боюнча ченемдер жана стандарттар жана ошондой эле гендердик сезимтал журналистиканы сактоо боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча тренингдин ыкмалары менен таанышты.

Фото галерея