Социалдык иштер багытында студенттик конференция өттү

Башкы Жаңылыктар

Социалдык иштер багытында студенттик конференция өттү

Image

 

ОшМУда “Инклюзивдүү маданият” долбоорунун негизинде “Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдардын социалдык-укуктук абалы” деген темада студенттик конференция болуп өттү. 

ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова, Тарых жана социалдык иштер факультетинин деканы Сабыр Арстанов, "Социалдык технологиялар агенттигинин" улуттук эксперти Авазкан Ормонова,  “Сезим” майыптар коомдук фондунун директору Камилжан Майнаевдер сөз сүйлөп, конференциянын ишине ийгилик каалашты.

Конференцияга жалпысынан 14 студент катышып анын ичинен 3 студент I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланышты. 

1-орунду ээлеген социалдык иштер адистигинин 4-курсунун студенти Сайкал Жолдубаева “Наркотикалык заттардын адам организмине тийгизген таасири майыптуулукка алып келүүсү”,
2-орунду ээлеген юриспруденция адистигинин  3-курсунун студенти Барсбек Айталиев “Кыргыз Республикасындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды мамлекет тарабынан укуктук коргоо”,
3-орунду ээлеген социалдык-экономикалык билим берүү (тарых профили) 4-курсунун студенти Айбек кызы Курманжан “Кыргызстандагы майыптуулугу бар жаштардын коомдогу абалы жана көйгөйлөрү” деген темаларда актуалдуу темаларда баяндамаларын коргошту.

“Конференциянын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр арасында жалпы республикалык викторина өткөрүлөт. Викторинанын жеңүүчүлөрү КРнын Министирлер Кабинетинин майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңешине катышат.
Билим берүү жана маданият инсанды тарбиялоодо жана өнүктүрүүдө салымы чоң, ал эми инклюзивдик билим берүү жана инклюзивдик маданият инклюзивдик коомдун маанилүү компоненттери. Ошондуктан студенттер Кыргызстанда инклюзивдик коомду түзүү багытында олуттуу, прогрессивдүү кыймылдаткыч күч  болуп саналат. Студенттер менен тыгыз иш алып баруу жакшы натыйжаларды берери талашсыз”,-дейт иш-чараны өткөрүү боюнча жооптуу координатор, социалдык иштер кафедрасынын башчысы Нурзинат Токторбекова.

Иш-чара КРнын Министирлер Кабинетинин майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңешинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен  уюштурулду.

Фото галерея