Окутуучулар жана студенттер туризм тармагы боюнча окутуудан  өтүштү

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар жана студенттер туризм тармагы боюнча окутуудан  өтүштү

Image

Табият таануу, туризм жана аргардык технологиялар факультетинде “Ош облусунда туризм секторунун өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында тренинг болуп өттү. Окутууга Ош облусундагы жана Ош шаарындагы туризм тармагынын өкүлдөрү, факультеттин туризм адистигинин окутуучулары, студенттери жана магистрлари болуп 150гө жакын катышуучу катышты. Мында алар туризмдеги беш багыт тоо жана шаардык гиддер, маданий туризм, гастрономиялык туризм багыттары боюнча 360 сааттык курсун аяктады.

Тренингдин алкагында, салбуурун кол өнөрчүлүк, улуттук баалуулуктар улуттук кийимдер боюнча мастер-класстар көрсөтүлдү.

Уюштуруу иштеринде аянтчаны, ыктыярчылык кызматтарды экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын кызматкерлери менен студенттери түзүп беришти. Ошондой эле алар уюштуруучулар тарабынан “Сертификат”, “Ыраазычылык кат” менен сыйланышты.

Окутууу Кыргызстандагы курорттор ассоциациясынын демилгеси менен АРИС уюмунун жана Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу аркылуу өттү.

Фото галерея