ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата сыйлыктар тапшырылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата сыйлыктар тапшырылды

Image

 

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата окуу жайда сыйлоо аземи болуп өттү. Салтанатта ректор Кудайберди Кожобеков университеттин өнүгүшүнө салым кошуп, билим берүү, илим изилдөө, саламаттыкты сактоо жаатында эмгек сиңирген, көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген профессордук-окутуучулук курамга, кызматкерлерге “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” төш белгисин, Ардак грамотасын, алкыш баракчасын, акчалай сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле мааракеге карата жиберилген Экономика жана коммерция министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ош облусунун, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык Кеңешинин, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин, Ош облустук профсоюз комитетинин  төш белгилерин, Ардак грамоталарын өз ээлерине жеткирди. 

Окуу жай жетекчиси ОшМУнун 85 жылдык тарыхында университеттин өсүп-өнүгүүсүндө, келечек муундарга таалим–тарбия, билим берүүдө эмгегин сиңирген илимпоз агай-эжейлерге, жалпы жамаатка ыраазычылык билдирди. Алган сыйлыктар мындан ары да чоң дем-күч менен иштеп, ОшМУнун алдыга койгон бийик максаттарын орундатууда стимул болот деген ишеничин билдирди. 
Салтанаттуу кечени ОшМУнун таланттуу агай-эжекелеринин концерттик программасы коштоду.
ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар 31-май  күнү Ош шаарында биринчи жолу уюштурулуп жаткан “Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору” аталышындагы эл аралык форум менен коштолот.
 31-май күнү саат 19:00дө А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо 85 жылдык мааракеге арналган чоң программадагы шоу-концерт тартууланат. Майрамдык салтанат билим берүүнү камтыган театрлаштырылган көрүнүш менен башталып, кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда уланат.

Фото галерея