Билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева ОшМУнун кызматкерлерине сыйлык тапшырды

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева ОшМУнун кызматкерлерине сыйлык тапшырды

Image

ОшМУнун 50гө жакын профессордук-окутуучулук курамына “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамотасы берилди. Сыйлыктар окуу жайдын 85 жылдык мааракесине карата университеттин өнүгүшүнө салым кошуп, билим берүү жаатында эмгек сиңирген, көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге тапшырылды.

Министр сыйлык тапшырып жатып “Ыйык, алтын бешик терметкен, өлкөнүн өсүп өнүгүүсүнө салым кошкон мыкты адистерди даярдаган Ош мамлекеттик университетинин жамааты. ОшМУ Борбордук Азияда, биз, Кыргызстан сыймыктанган жогорку окуу жайы. 85 жылдык мааракеңиздер кут болсун. Ушул окуу жайдан келечекте Нобель сыйлыгын алган окумуштуулар чыксын. Бүгүн биз билим берүү тармагын трансформациялоо жолунда баратабыз. Бул жолдо сиздердин окуу жайга болгон ишенимибиз чоң”, -деди.  

31-май күнү ОшМУнун 85 жылдык мааракеси салтанатуу белгиленет. "Келечек муундун ХАБы"  борборунун ачылышы,  ата мекендик 67 бизнес компаниялар жана Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Кытай жана Түркиядан келген бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан көргөзмө жана эл аралык форум болот. Маараке А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо уюштурулган чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыкталат.

Фото галерея