ОшМУда  аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган эл аралык форум өтүп жатат 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда  аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган эл аралык форум өтүп жатат 

Учурда Ош шаарында биринчи жолу  “Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз аракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлөрү жана жолдору” аталышындагы аймактарды туруктуу өнүктүрүү эл аралык форуму өтүп  жатат.
Эл аралык форумду КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы, КРнын президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров ачты. Мында Билим берүүнүн жана илимдин ордосуна айналган ОшМУнун 85 жылдык мааракеси менен президент Садыр Жапаровдун атынан куттуктап, уюштурулган форум өлкөнү өнүктүрүүгө импульс болорун  белгиледи. 
Ошондой эле, ОшМУнун бүгүнкү деңгээлге чыгаруусуна салым кошкон 3 ректордун эмгегине токтолду. "Университетти бүгүнкү деңгээлге чыгарууда мыкты ректорлор эмгектенген. Алардын барын айтпасак да 3 ректордун атын атап коюуну туура көрүп турам. Жогорку Кеңештин 3 жолку депутаты, академик Бектемир Мурзубраимов, КРнын билим берүү жана илим министри болуп үзүрлүү эмгектенген, маркум Каныбек Исаков жана азыркы учурда жакшы иштеп аткан профессор Кудайберди Кожобековдун эмгегин белгилеп коюшубуз керек”, - деди А.Жапаров 
Окуу жайдын 85 жылдык мааракесине карата университеттин өнүгүшүнө салым кошуп, билим берүү жаатында эмгек сиңирген, көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге КРдин Министрлер Кабинетинин жана Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары  тапшырылды.
Министр  Догдуркүл Кендирбаева форумда “Алтын казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын багыттары жөнүндө айтып берди. Анда 12 жылдык билим берүү моделин ишке ашыруу менен билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелер жолго коюуларын айтып, педагогикалык багыттагы жогорку окуу жайларга атайын жүктөмдөр берилерин белгиледи.
Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, министрлер, Жогорку Кенештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, мекеме-уюмдардын жетекчилери, ОшМУдан билим алып, түрдүү тармактарда эмгектенип келе жаткан сыймыктуу бүтүрүүчүлөрдүн катышууда.
Форумдун панелдик сессиялары бүгүн  күндүн экинчи бөлүгүндө Ак-Буура кампусундагы Эл аралык медицина факультетинин имаратында уланат.
Панелдик сессияда аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү илимий, бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын демилгелерин айкалыштыруу маселелери талкууланат. 
Бүгүн 31-май күнү ОшМУнун 85 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленүүдө.  Мааркенин алкагында "Келечек муундун ХАБы"  борбору ачылды.  Ошондой эле, ата мекендик 67 бизнес компаниялар жана Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Кытай жана Түркиядан келген бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан көргөзмө өтүп жатат.

Фото галерея