ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “БИЛИМ БЕРҮҮ КЕЛЕЧЕК МУУНДАРДЫ ГЛОБАЛДЫК ЭРДООДО НЕГИЗГИ РОЛДУ ОЙНОЙТ”

Башкы Жаңылыктар

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “БИЛИМ БЕРҮҮ КЕЛЕЧЕК МУУНДАРДЫ ГЛОБАЛДЫК ЭРДООДО НЕГИЗГИ РОЛДУ ОЙНОЙТ”

Image

Бүгүн, 11-июнда Бишкекте 30 өлкөдөн келген 200дөн ашуун делегаттардын катышуусунда климаттык туруктуулук жана билим берүү маселелерин талкуулоо үчүн “Мектептер2030” III Глобалдык форуму башталды.

Форум Мугалимдердин климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуулукту камсыздоодогу лидерлиги: биздин планетанын туруктуу келечегин түзүү үчүн билим берүү жана системалык мамилелерди өзгөртүү” девизинин алдында өтүүдө.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө билим берүү негизги ролду ойнойт, анткени келечектеги экологиялык туруктуулукка алып баруучуулар балдар жана жаштар деп белгиледи.

“Биз жаш муундарды туруктуу жана коопсуз коомду курууга активдүү катышууга жардам бере турган билим, көндүмдөр жана баалуулуктар менен камсыз кылууга милдеттүүбүз. Ошондуктан билим берүү системалары балдарды жана жаштарды академиялык билимди гана эмес, климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин адаптациялоо жана жумшартуу үчүн көндүмдөрдү жана баалуулуктарды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүсү абдан маанилүү”, - деди ал.

Билим берүү жана илим министри Догдүркүл Кендирбаева “Мектептер2030” III глобалдык форуму Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын 100 жылдыгына арналганын белгилеп, форумга билим берүүнү трансформациялоо жолдорун биргелешип талкуулоо жана табуу үчүн ар түрдүү тармактардагы эксперттер, педагогдор, саясатчылар жана лидерлер чогулганын айтты.

“Биздин кылым менен доорлошкон билим берүү системасы Кыргыз Республикасы менен бирге түптөлгөн, тагдырлаш болгон, оор кечүүдөн, тайгак ашуудан, чоң жоготуулардан жана ири ийгиликтерден басып өттү. Быйыл Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына 100 жыл толуп, мааракени белгилөө алдында сиздер менен кездешип турабыз”, - деди министр.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева форумдун жүрүшүндө “Биз болбосок балдарды жашоо көндүмдөргө ким тарбиялайт? Азыр тарбиялабасак, качан тарбиялайбыз?” деген девиздин алдында иштөөгө чакырып, Кыргызстандын билим берүү системасы башка өлкөлөрдүн эң бай тажрыйбаларын өздүк аянтчага алып каларына ишенем деп кошумчалады.