ОшМУда жыл мыктылары сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда жыл мыктылары сыйланды

Image

ОшМУда 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен “Жылдын мыктылары – 2024” сынактарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Аземде ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров, инвестиция жана экономикалык өнүгүү боюнча проректору Кубаныч Токторовдор студенттерди куттуктап, жобонун негизинде факультеттерден, колледждерден мыкты деп тандалып алынган студенттерге ОшМУнун "Окумуштуулар кеңешинин стипендиаты" деген сертификаттарды жана 5000 сомдон акчалай сыйлыктарды  тапшырды.

Ошондой эле  ОшМУда жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келе жаткан тарбия иштерин стимулдаштыруучу конкурстун жеңүүчүлөрүн окуу жайдын кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров  куттуктады. Индустриялдык-педагогикалык колледжинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Ыквал Термечикова “Мыкты менеджер” номинациясы менен, Кыргыз-Кытай факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Кыяз Каримов “Креативдүү орун басар”, Орус филологиясы факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Чынара Токурова ”Иштерман орун басар” номинациялары менен сыйланып, диплом жана Ысык-Көлдөгү “Санат” пансионатына  3 күндүк жолдонмо менен сыйланышты.

Жыл мыктылары иш чарасынын алкагында “Мыкты акыйкатчы”, “Мыкты жаштар кеңеши” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө жана окуу жайда жыл ичи уюштурулган маданий-массалык, коомдук иштерде активдүү катышкан студенттергерге,  окуу жайдын 85 жылдык мааракесин уюштуруу иштерине активдүү катышкан декандын тарбия иштери боюнча орун басарларына сыйлыктар, ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Сыйлыктарды коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева, билим берүүнүн, изилдөөлөрдүн, инновациялардын сапатын өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландаштыруу департаментинин башчысы Жылдыз Артыковалар тапшырды.

Кеченин жүрүшүн концерттик программа коштоду.

 

Фото галерея