ЖОЖдордун Улуттук рейтингинде ОшМУ 2 багыт боюнча 1-орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

ЖОЖдордун Улуттук рейтингинде ОшМУ 2 багыт боюнча 1-орунду ээледи

Image

 

18-июнда жогорку окуу жайлардын I Улуттук рейтингинин лидерлери сыйланды.

Сыйлоо иш-чарасына Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, EdNet агенттигинин президенти Оңолкан Уманкулова, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана кызматкерлери катышты.

 

Рейтинг EdNet Сапатты камсыздоо агенттиги тарабынан жүргүзүлгөн.  Рейтингдин алкагында 2023-жылдын октябрынан 2024-жылдын май айына чейин EdNet агенттиги өлкөдөгү 1000ден ашык окутуучу жана 500 иш берүүчүнүн арасында сурамжылоо жүргүзүп, Кыргызстандын 55 университетине баа берген.

Анда ЖОЖдор төмөнкү критерийлер боюнча бааланды:

- академиялык репутация;
- иш берүүчүлөрдү баалоо;
- окутуунун сапаты;
- цитаталоо индекси;
- чет өлкөдөн келген мугалимдердин саны;
- чет өлкөлүк студенттердин саны.

ОшМУ академиядык мобилдүүлүк жана кесиптик багыттар боюнча эң жогорку упай топтоп, 1-орунду ээледи. Ошондой эле 2 багыт боюнча 2-орунду, 7 багыт боюнча 3-орунду, 11 багыт боюнча 4-орунду ээледи. 

Кыргыз Республикасынын көз карандысыз улуттук рейтингинде ОшМУ 415,84 балл топтоп 4-орунду камсыздады.

Фото галерея