Агартуучу Кадырберди Байгазыевдин 70 жылдык мааракеси жана китебинин таанытымы болуп өттү

Башкы Жаңылыктар

Агартуучу Кадырберди Байгазыевдин 70 жылдык мааракеси жана китебинин таанытымы болуп өттү

Image

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек синирген ишмер, Билим берүүнүн мыктысы, ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин математикалык дисциплиналар циклдик комиссиясынын төрагасы,  доцент Кадырберди Байгазыевдин 70 жылдык мааракеси жана  "Текстүү маселелерди чыгаруунун теориясы жана технологиясы" аттуу окуу куралынын таанытымы болуп өттү.

Салтанатка окуу жайдын орто кесиптик билим берүү департаментинин директору Чыңгыз Мамажакып уулу, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Кечеде Кадырберди Байгазыевдин  басып өткөн өмүр жолу, чыгармачылык ишмердүүлүгү, окутуучулук бейнеси тууралуу видеофильм көрсөтүлдү.

Келген коноктор Кадырберди Байгазыев агайдын өрнөктүү, үлгүлүү өмүрү, чыгармачылыгы, жаш улан-кыздарга билим берүүдөгү, тарбиялоодогу үлгүлүү усулдары тууралуу айтып, 70 жылдык мааракеси менен куттукташты. Иш-чара конценттик программа менен коштолду.

Кадырберди Байгазыев ОшМУда окутуучулуктан тартып, peктopyнyн кeцeшчиcи, дeкaн, кaфeдpa башчысы кызматтарында үзүрлүү эмегшектенип келет. Өзүнүн илимий ишмердүүлүгүндө 50дөн aшyyн илимий-мeтoдикaлык мaкaлaлapды, oндoн aшyyн oкyy- мeтoдикaлык кoлдoнмoлopдy жaнa oкyy кypaлдapын жapыялaган. Учypдa эки oкyy кypaлы Билим 6epүү жaнa илим миниcтpлигинин гpифи мeнeн жapык көpүп, ЖOЖдopдo жaнa opтo кecиптик oкyy жaйлapындa кoлдoнyлyyдa.

Фото галерея