Чолпон-Ата шаарынын «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын спорттук базасында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар кызматкерлери арасында өткөн жаткан «Ден соолук» спартакиадасы жыйынтыкталды.
Спартакиада 25-июнда башталып, 1-июлда жыйынтыкталды. Ош мамлекеттик университетинин кызматкерлери жалпы командалык жыйынтык боюнча I орунду камсыздашты.
ОшМУнун курама командасынын төмөндөгүдөй жыйынтыктарга ээ болду.
Волейбол:
45 жаштан жогорку агайлар командасы 2-орун
40 жашка чейинки агайлар командасы 1-орун
40 жаштан жогорку эжекелер командасы 1-орун
40 жашка чейинки эжекелер командасы 1-орун
Футбол:
40 жаштан жогорку оюнчулар командасы 3-орун
Стритбол:
40 жаштан жогорку оюнчулар 3-орун
40 жашка чейинки оюнчулар 1-орун
Ордо:
Ордо оюнунун командасы 1-орун
Шахмат:
Агайлар командасы 1-орун
Эжекелер командасы 2-орун
Тогуз коргоол:
Агайлар командасы 1-орун
Эжекелер командасы 3-орун
Стол тенниси:
Агайлар командасы 2-орун
Эжекелер командасы 1-орун
«Ден-соолук » спартакиадасы Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, аларды сергек жашоого үндөө максатында уюштурулуп келет.