Париждеги жайкы ХХХIII Олимпиада оюндарында боксчу, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медалга татыды.
Финалдык беттеште Мунарбек Сейитбек уулу өзбекстандык Абдумалик Холоков менен кез келип, жеңишти алдырып жиберди.
Буга чейин Мунарбек Сейитбек уулу 1/8 финалда кубалык Сайдель Иван Орта Родригес менен беттеш өткөрүп, үч раунддун жыйынтыгы менен жеңишти камсыздаган. Ал эми чейрек финалда АКШнын спортчусу Жамал Харвини уткан. Жарым финалда кыргызстандык боксчу болгариялык Хавьер Ибаньес Диазды жеңген.
Мунарбек Сейитбек уулу ОшМУнун дене тарбия факультетин аяктап, ушул эле окуу жайда магистратураны да бүтүргөн. Ал 2017-жылдан бери Кыргызстандын бокс боюнча негизги курама командасынын катарында.