Бугүн Ош шаарынын тургундары Париж олимпиадасында бокстан күмүш байге уткан Мунарбек Сейитбек уулун, грек-рим күрөшүнөн коло медаль уткан Акжол Махмудовду жана дзюдодон өлкө намысын коргоп келген Кубанычбек Айбек уулун жана алардын машыктыруучуларын тосуп алды.
Өлкө сыймыктарын Алымбек датка этно борборунда тосуп алууга жакындары, туугандары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.
Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарынын мэриясынын атынан 3 бөлмөлүү батирдин ачкычы жана 1 млн сом, ал эми анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевге 2 бөлмөлүү батир жана 500 000 сом, дагы бир машыктыруучусу Турдалы Оморов 500 000 сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.
Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча коло медаль алгандыгы үчүн Махмудов Акжол Махамаджанович 1 млн жана анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго 200 000 сом, дзюдочу Айбек уулу Кубанычбекке 250 000 сом жана анын машыктыруучусу БакытЖусуповго жүз миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды. Ошондой эле сыйлоо аземинде спортчуларга тулпар белек кылынды.
Мунарбек Сейитбек уулу ОшМУнун дене тарбия факультетин аяктап, ушул эле окуу жайда магистратураны да бүтүргөн. Ал 2017-жылдан бери Кыргызстандын бокс боюнча негизги курама командасынын катарында. Анын биринчи машыктыруучусу ОшМУнун окутуучусу, Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Турдалы Оморов.