Өзбекстанда Ташкент шаарындагы Сингапур менеджментти өнүктүрүү институту, Өзбекстан эл аралык ислам академиясы, “ Жибек жолу” туризм жана маданий мурас эл аралык университети жана Туризмди өнүктүрү институттары тарабынан “Туризм жаштардын эл аралык фестивалы - 2024” өтүп жатат.
Аталган иш-чарага ОшМУнун
Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунан жана Бизнес жана менеджмент факультетинин
окутуучулары, магстранттары жана студенттери катышып жатат.
“Фестивалда туризм тармагындагы түрдүү элдердин жаштарын экотуризмге, агротуризмге, гастрономияга, зыяратчылык туризмиге, экскурсиялык ишмердүлүккө үйрөтүү багытында тажрыйба алмашуулар жүрүп жатат. Бул тажрыйбаларды алдыда жайылтууну максат кылып жатабыз”,- деди фестивалдын катышуучусу, ОшМУнун окутуучусу Жанарбек Султанов.