2024-жылдын 26-28-август күндөрү Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык квалификацияны жогорулатуу институту Европалык Союздун "Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү" долбоорунун колдоосу менен «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мамлекеттик стандартын жана предметтик стандарттарды жаңылоонун шарттарында натыйжалуу сабак өтүүнүн стратегиялары. Замандын талабына ылайык сабак курууда SCAFFOLD карталарын колдонуу» темасында тренинг өткөрүүдө.
Тренинг Ош мамлекеттик университетинин Окуу-конференциялык борборунда өтүп жатат.
Тренингдин максаты мугалимдерди Европалык Союздун колдоосу менен иштелип чыккан SCAFFOLD карталарын колдонуп, натыйжалуу сабактарды пландаштырууга үйрөтүү. Бул инструменттер инклюзивдүү жана жеткиликтүү билим берүүнүн принциптерин STEAM (илим, технология, инженерия, искусство жана математика) жаатындагы жана "жашыл" көндүмдөрдү өнүктүрүү менен айкалыштырууга жардам берүү максатында уюштурулуп жатат.
Тренингге Ош шаарынын, Кара-Суу жана Араван райондорунун мектептеринен 50 мугалим катышууда. Квалификацияны жогорулатуу боюнча практикага багытталган модулдук курсунун алкагында иштелип чыккан программасы 72 сааттык окутууну камтыйт. Анын 24 сааты ушул тренингдин алкагында оффлайн форматында өтөт, 20 сааты онлайн форматында жана 28 сааты өз алдынча иштөө үчүн бөлүнгөн. Курстун жыйынтыгында катышуучулар тестирлөөдөн өтүп, тренердик сертификаттарга ээ болушат.