ОшМУда залкар обончу Рыспай Абдыкадыровдун музейи ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда залкар обончу Рыспай Абдыкадыровдун музейи ачылды

Image

Педагогика, искусство жана журналистика институтунда Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун музейи оңдолуп, санариптешип, пайдаланууга берилди.

Иш-чарага ректор Кудайберди Кожобеков, окутуучулар, Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын жетекчиси Алишер Тоотаев, обончунун кызы Сюита Абдыкадырова жана замандаштары, шакиреттери катышты.

Заманбап жасалгаланып, санариптешкен музейде аудио-гид иштейт. Келген коноктор улуу талант жөнүндө маалыматты үч тилде - кыргызча, англисче жана орусча ала алышат. Мындан тышкары музейде Абдыкадыровдун колдонгон буюмдары, музыкалык аспаптары кол жазмалары жана сыйлыктары да коюлган.  

Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болсо быйыл 83 жашка чыкмак. Ал  1941-жылы 12-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Булак айылында туулган. Өмүрүнүн акырына чейин Ош мамлекеттик университетинде эмгектенген. Чыгармачылык жолунда  200дөн ашуун обон жаратып, чыгармаларын өзүнөн кийинки муунга калтырып кеткен. 

 

 

 

 

Фото галерея