Университеттин “Ак-Буура” окуу-конференциялык борборунун курулушу аяктап, бүгүн, 13-сентябрда пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге ректор Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат жана Окумуштуулар кеңешинин курамы катышты.
Борбор эки кабаттан туруп, биринчи кабатында эс алуучу бөлмөлөр жайгашкан. Экинчи кабатында болсо жайкы, кышкы лагерлерге ылайыкташкан заманбап конференция залдар бар. Ал эми сыртка бассейн, заманбап ашкана да салынды.
Борбордо эс алуу менен биргеликте конференция, семинарларды өткөрсө болот. Ачылыш аземден соң Окумуштуулар Кеңешинин кезектеги отуруму өттү.
Бул борбор окуу жайдын өндүрүштүк базасы катары кызмат кылат.