Бишкекте билим берүүдөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланууда

Башкы Жаңылыктар

Бишкекте билим берүүдөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланууда

Image

Бүгүн, 17-сентябрда Бишкекте «Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү: жеке өнүгүү үчүн билим берүү жана ден соолук» аталышындагы II эл аралык конференция башталды. 

Ага Билим берүү жана илим министрлигинин, аймактык билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү, мектеп директорлору жана мугалимдер катышууда. Мындан тышкары ЮНЕСКОнун, «Келечекке инвестиция» кайрымдуулук фондунун, Казакстан Орусия жана Өзбекстандын өнөктөш уюмдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер чакырылган.

ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун психология кафедрасынын башчысы Акчач Жолдошева билим берүү практикаларын жакшыртуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.

Конференцияны ЮНЕСКО, «Келечекке салым» кайрымдуулук фонду жана Кыргыз улуттук университети өткөрүүдө.

Иш-чара алгач 2023-жылдын октябрында Казакстандын Астана шаарында уюштурулган.

Фото галерея