30-сентябрда өткөн жыйынга Ош мамлекеттик университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы Балтагул Нурунбетов, кеңештин мүчөлөрү, ректор Кудайберди Кожобеков, пландоо-финансылык бөлүмүнүн башчысы Динара Курбанбаева жана тиешелүү адистер катышты.
Күн тартибине он маселе киргизилди. Ага ылайык, Эл аралык медицина факультетинин “Дисциплиналар аралык илимий изилдөөлөр” лабораториясынын жобосун жана квалификацияны жогорулатуу курстарында окутуу жана тест өткөрүүнүн баасын кароо, факультеттердин декандарына, алардын орун басарларына, институттун директорлору менен орун басарларына үстөк акы төлөп берүү каралды.
Ошондой эле илимий кызматкер штаттарын ачуу жана аларга эмгек акы төлөө шарттары, Ак-Буура окуу-конференциялык борборунун штаттык жадыбалы да талкууланды. Жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков университетте аткарылган иштер, алдыдагы пландар боюнча кошумча маалымат берди.