Футзал боюнча Кыргызстандын кесипкөй клубдарынын “Суперлига” мелдешинин оюндары башталды. 2024-2025-жылдагы өлкө биринчилиги үчүн жалпысынан 11 команда ат салышууда.
Алгачкы оюндар 29-сентябрда башталган. Анда ОшМУнун “Университет” командасы “Спорткомитет” менен беттешип, 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Ал эми мелдештин "Мыкты оюнчусу" окуу жайдын “Университет” курама командасынан Айдарбек Абдижалил уулу болду.
Учурда команда турнирдик таблицада биринчи орунда баратат.
Буга чейин “Университет” командасы тарыхта алгачкы жолу Кыргызстандын кубогун уткан.