ОшМУ “Боорукердик” үйүндөгү карыларды акысыз медкароодон өткөрдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ “Боорукердик” үйүндөгү карыларды акысыз медкароодон өткөрдү

Image

1-октябрь – Карыларлардын эл аралык күнүнө карата Медицина факультетинин үй-бүлөлүк медицина жана ички оорулар кафедрасы Ош шаарындагы "Боорукердик” үйүндө болушту.

Алар улгайган жарандарды акысыз медициналык кароодон өткөрүп, кеңештерди беришти. Иш-чара «Карыларга көңүл буруу жана кам көрүү» аталышындагы бир айлык өнөктүктүн алкагында уюштурулду. 

Карылардын эл аралык күнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчылыгы 1990-жылы расмий майрамдардын катарына киргизген. Максаты – дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, алардын коомго керек эенин түшүндүрүп, аларга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

 

Фото галерея