Окутуу бүгүн, 24-октябрда Ош мамлекеттик университетинде уюштурулду.
Илимий-практикалык семинарда эл аралык коомчулуктун алдында турган жакынкы 15 жылда теңсиздик менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу, мында биздин урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максаттын жана 169 милдеттердин комплекси боюнча маалыматтар берилди.
Окутууну окуу жайдын «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын башчысы Таасилкан Жумабаева өттү. Ал катышуучуларга туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда ар бир жарандын орду бар экенин айтты. Бул максаттарды ишке ашырып, жашоодогу жеңилдиктерди түзсө болорун белгиледи. Мындан сырткары студенттердин суроолоруна жооп берди.
Алсак, 2015-жылдын 25-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун 193 мүчө-мамлекеттери туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдеттенмелерди алышкан. Бул чечим «Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби» деген аталыштагы документке бекитилген.